Синоптиктер Бишкекте аптанын экинчи жарымында аба ырайы кандай болорун айтышты.
24-июлда күн ачык болуп, түнкүсүн +21 градус жылуу болорун айтышууда. Күндүз аба +37 градуска чейин жылыйт.
25-26-июлда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Түнкүсүн +20 градус, күндүз термометрдин көрсөткүчү +37 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
27-июлда ала булут каптап турат. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +21 градус болот. Күндүз +38 градус жылуу болот.