21:37
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Ысык-Көлдө жер трансформациялоодогу мыйзам бузуулардан 11 миллион сом өндүрүлдү

Ысык-Көл райондук прокуратурасы 11 миллион 170 миң 745 сомду мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө аталган айыл өкмөттүн аймагындагы 855 га жер тилкеси "өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргонуу жана энергетика тармактарынын жерлери" категориясына которулуп, күн электростанциясын долбоорлоо жана куруу пландалган. Бирок, текшерүүдө жергиликтүү мамлекеттик органдардын аракетсиздигинин натыйжасында айыл чарба жоготуулардын жана алынбай калган пайданын орду толтурулбай, чыгым өндүрүлбөй калгандыгы аныкталган.

Келтирилген прокурордук актынын негизинде мамлекетке 11 млн 170 миң 745 сом акчалай өндүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар