Бүгүн, 23-июлда Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэджи Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мартабалуу мейманды «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды.
Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.