20:31
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Гүлназ Супаева Кыргыз экономика университетинин ректору болуп дайындалды

Гүлназ Супаева Кыргыз экономика университетинин ректору болуп дайындалды. Ал буга чейин окуу жайдын жамааты менен тааныштырылды.

Буга чейин Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги университеттин жетекчилигине сынак өткөргөн.

Гүлназ Супаева 1978-жылы 12-январда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган.

1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана информатика адистигин аяктаган.

2011-жылы Евразия университетинин «Юриспруденция» адистигин аяктаган.

Экономика илимдеринин кандидаты, профессор.

Бишкек шаарындагы № 68 мектеп-гимназиясында математика жана информатика мугалими, андан кийин Кыргыз экономикалык университетинде мугалим, илим, инновация жана мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.

80ден ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин, анын ичинде монографиялардын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын жана илимий макалалардын автору.

Эң көп окулган жаңылыктар