22:58
USD 87.39
EUR 102.55
RUB 1.08

«Роскосмос» космонавтары кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

«Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын космонавттары Сергей Рыжиков, Алексей Зубрицкий жана Олег Платонов кыргызстандыктарды Эл аралык космос станциясынан (МКС) Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Видеону президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жарыялады.

Космонавттар Кыргызстандын элине Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жаңы бийиктиктерге жетишин каалашты.

«Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, тынчтык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар