Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар өттү. Аларга президент Садыр Жапаров катышты.
Майрам кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхына арналган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Сахнада «Келечектеги Кыргызстан» театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, ага 600гө жакын артисттер катышты.
Мамлекет башчысы Эгемендүүлүк күнүнүн алдында куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдын өлкө жана анын жарандары үчүн маанисин белгиледи.
Майрамдык салтанаттар гала-концерт жана Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имараттын салтанаттуу ачылышы менен аяктады.