Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Тяньцзинь шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кат алмашуу жолу менен түзүлгөн «Бедел» автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерге карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын Бишкек райондук диспетчердик борбору менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын Синьцзян аба кыймылын уюштуруу бюросунун Үрүмчү райондук диспетчердик борборунун ортосундагы Макулдашуу каты;
- «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жол долбоорундагы Кыргыз Республикасынын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат;
- Чүй облусу (Кыргыз Республикасы) менен Ганьсу провинциясынын (Кытай Эл Республикасы) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Медиакорпорациясынын ортосунда гуманитардык алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Эл Республикасынын «Синьхуа» маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытай Эл Республикасынын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.