02:49
USD 87.39
EUR 102.55
RUB 1.08

ЖК комитети эмгек министри кызматына Канат Сагынбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Канат Сагынбаевди Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү тууралуу мамлекет башчысынын сунушун карады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мамлекет башчынын сунушун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүштү.

Эске салсак, Канат Сагынбаев Равшанбек Сабиров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан бошотулгандан кийин август айынын аягында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Буга чейин Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси кызматын Канат Сагынбаев аркалап келген.

Эң көп окулган жаңылыктар