Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында «KG TEX» ЖЧКсынын жаңы тигүү фабрикасы ачылды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Ишкана жылына 1 миллион даанага чейин продукция чыгарууга эсептелген. Бул жерде 300 жумушчу орун түзүлүп, жалпы инвестициянын көлөмү 170 миллион сомду түздү.
«Фабриканын ишке кириши облустун өндүрүштүк потенциалын чыңдап, тигүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ата мекендик өндүрүштү колдоо боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө» — деп белгиледи ведомство.


