2025-жылдын башынан бери Бишкектеги коомдук тамактануучу жайларга 17,5 миллион сом айып салынган. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Анын айтымында, «Тамак-аш гигиенасы» беренеси боюнча 2025-жылдын сегиз айында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 1321 мыйзам бузуу протоколу түзүлүп, ошончо эле сандагы айып салуу боюнча протоколдор чыгарылган.
124 объектини жабууга санитардык протоколдор даярдалды.
Мурдараак маалымдалгандай өтө кир, суусу жана канализациясы жок тамак-аш жайлар эреже бузуулар жоюлганга чейин убактылуу жабылат.