Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардын атын өзгөртүү сунушу боюнча 24-kg.com агенттигине комментарий берди.
«Жалал-Абад — эң байыркы шаарлардын бири, анын азыркы аталышы Шор-Булак булагынын суусу, баткагы менен 1877-жылы элди дарылаган Жалал-Ад-Диндин легендасына негизделген. Бир версия боюнча, бул аталыш элдин оозунда калган. Ал эми тарыхчылар 2-3 вариантты айтып жатышат. Менин демилгем шаардык кеңеште жактырылды. Бул менин гана оюм эмес, элдин сунушу. Ал эми Манастын атын түшүндүрүү талап кылынбайт, анткени Манас биздин улуу тарыхыбыз», — деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле шаардын жаңы аталышынын башка варианттары да каралганы белгиленген. Бирок Манас бир добуштан аталды.
Эми шаардык кеңеш бул сунушун президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.