Мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги эскертти.
Ведомствонун маалыматына караганда, окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат.
Эске салсак, тыюу салуу КР президентинин 2023-жылдын 26-майындагы «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына негизделген.