Министрлер кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргызстандан ташып чыгууга ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.