05:11
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө

2024-жылга чейин өлкөдө сапаттуу көчөттөр жетишсиз болгондуктан, дыйкандар көбүнчө импортко көз каранды болуп, багбанчылыктын чыгымын кымбаттаткан. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары чек арадагы көзөмөл күчөтүлүп, сапаты төмөн көчөттөрдүн агымы азайды. Натыйжада кыргыз питомниктери өнүгүп, жергиликтүү көчөттөргө ишеним артып жатышат. Алар сапаттуу гана эмес, биздин шартка мыкты ылайыкташкан.

«Арпа Сай Береке багы» айыл чарба кооперативи 2025-жылы эле 1 млн 300 миңден ашуун көчөт өндүрүп, дыйкандарга таратты. 2026-жылдын жазына карата болсо дагы 1 млн 500 миңден ашуун көчөт даярдалууда.

Учурда питомник цитрус өсүмдүктөрүн — мандарин, апельсин сыяктуу жемиштерди да өстүрүп көрүүдө. Бул багыт ийгиликтүү болсо, кыргызстандык фермерлер түштүк жемиштерин да өстүрө алышат.

«Арпа Сай Береке багы» айыл чарба кооперативи — өлкөнүн питомниководствосундагы алдыңкы чарбалардын бири болуп, фермерлерди сапаттуу көчөттөр менен камсыздап, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга салым кошууда.

Эң көп окулган жаңылыктар