08:41
USD 87.45
EUR 102.84
RUB 1.06

Быйыл 91 миң 188 наристеге «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу берилди

Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 1-сентябрына карата бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулуна 365 миллион 994 миң сом каржыланганын билдирди.

Бул каражатты жаңы төрөлгөн 91 миң 188 баланын ата-энелери алса, анын ичинен 27 үч эмдин ата-энелерине 1 миллион 350 миң сому төлөндү.

Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын 1-сентябрына карата бул төлөмгө 388 миллион 977 миң сом каржыланган, ал 96 миң 934 баланы, анын ичинде 27 үч эм 1 миллион 350 миң баланы түзгөн.

Ведомстводон белгилешкендей, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон «балага сүйүнчү» төлөнөт.

Бир жолку төлөмгө кайрылуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылыңыз.

Каражаттар арыз берген күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде банктык эсебиңизге чегерилет.

Акча каражаттарын Элдик Банктын жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу арыз берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен ала аласыз.

«Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү алуу үчүн керектүү документтер бул сиздин жеке паспортуңуз жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат.

Эсиңизде болсун: арызды толтурууда туура уюлдук телефон номерин көрсөтүшүңүз керек, анткени акча которулгандан кийин банк аркылуу байланыш телефондоруна SMS жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар