23:37
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Кыргыз тили, Манас, ЖРТ: Кыргызстандын 7 дубанынын тилчилери бийликке кайрылды

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү тармагындагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдери КР Агартуу министри Кендирбаева Догдургулгө жана өлкө бийлигине кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине уюштуруу тобунун мүчөсү Нарын облусунун Ак- Талаа районунун кыргыз тил мугалими, Эл агартуунун отличниги Чылабаева Эркингул билдирди.

Анын айтымында кайрылуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кыргыз тили боюнча жалпы жоболоруна таянып, мыйзамдык негиздерге жана фактылар көрсөтүлүп, жалпы өлкөбүздүн кыргыз тили жана адабияты мугалимдер жамаатынын атынан жасалган.

Кайрылууда кыргыз тилинин кепилдигине, мамлекеттик тил катары жашашына, улуттук тил катары бекемделип өнүгүшүнө жооптуу бийлик органдары аталып, Кыргыз тилчи мугалимдердин көйгөйлөрү жана өтүнүчтөрү төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

Кыргыз тилчи мугалимдер ар бир класска класс жетекчисиндей эле өтө көп кирчү педагогдор, себеби, бир окуу жылы ичинде:

  1. Окуу жылынын башталышына чейин усулдук бирикмелердин иш- кагаздарын даярдоо: План түзүү (жылдык, айлык, жумалык, күнүмдүк)
  1. Жазуу иштеринин түрлөрүн жаздыруу: старттык, чейректик, билим кесилиши, тест, дилбаяндын түрлөрү
  1. 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү
  1. 4-декабрь — «Манас» күнү
  1. 12-декабрь — Адабият күнү
  1. 21-февраль — Эл аралык эне тил күнү
  1. 3-март — КР Туу күнү
  1. 5-март — «Ак калпак» күнү
  1. 21-март — Алыкул Осмоновдун туулган күнү
  1. 21-март — «Нооруз» күнү
  1. 7-апрель — Элдик төңкөрүш күнү
  1. 9-май — Жеңиш күнү

Даталуу күндөр:

1-октябрь — Карылар күнү

5-октябрь — Мугалимдер күнү

7-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнү

Мындан сырткары:

Аймактардан чыккан залкарларга карата өткөрүлүүчү иш-чаралар

Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча тапшырмалар (жат жазуу, дил баян, эссе, кереге гезити, сахналаштыруу)

«Манас таануу» интеллектуалдык сынагына

«Жаш манасчы», «Жаш таланттар», «Айтматов ааламы» кароо-сынактары

Кыргыз тили жана адабияты сабактарынан олимпиадага окуучуларды даярдоо

Акын-жазуучулардын мааракелерине арналган иш-чаралар

Мектеп ичиндеги декадалар, сынактар,райондук жана жекече текшерүүлөр

«Жыл мугалими» сынактары биздин энчибизге басылган.

Ушундай шартта окуу жүктөмү 18 саат менен чектелип бекитилгени адилетсиз го деген ойдобуз.

Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, жумалык окуу жүктөмдү бир аз азайтса болор бекен. Башталгыч класстардай 16 саатка алмаштыруу жагын карап көрсөңүзөр, абдан жакшы болмок.

Адабият сабагында да кыргыз тили сабагындай эле окуучулардын дил баян, ой толгоо, эссе, баяндамаларды мазмунун кылдаатык менен текшеребиз. Бирок, тилекке каршы, адабият сабагынан дептер текшерүүгө эмгек акы каралган эмес. Иш жүзүндө чейректе эки ирет баяндама, дил баяндары жаздырылып, текшерилип окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына тапшырылып жатат эмеспи. Бул маселе да каралып, кыргыз тили сабагындай эле адабият сабагынан да дептер текшерүүгө кошумча акы төлөөнү караштырып берсеңиздер, кыргыз тили мугалими болом деген муундарга да пайдасы тиймек.

Так илимдер жана табигый илимдер сабактары сыяктуу эле биздин да эмгегибизди баалап кетсеңиздер, бизге чоң жардам болмок.

Себеби: эне тилди үйрөтүү — бул жөн гана сабак эмес, бул улуттук өзүн аңдоого, маданиятка, намыстуулукка тарбиялоо экенин унутта калбасын.

Кыргыз адабияты сабагын кыскартууда пайда жок, анткени келечек муундарга каада-салт, нарк-насил, таалим-тарбия ушул адабияты сабагынан башталат эмеспи. Өзүбүздүн тилибизди кыскартып, келечекке да балта чаап албайлы.

Кыргыз мамлекети болгондуктан тилибизди биринчи орунга койсок.

Ошону менен ар бир мекеме болобу, ишкана,мектеп болобу иштеп жаткан ар бир кыргыз инсанынын сабаттуулугу болуусун жана өз тилибизде эркин сүйлөөнү талап кылсак болчудай.

Кыргыз тили жана адабият сабактарынын сааттарын мурунку калыбында калтырып берсеңиздер да сонун болмок. Себеби: Президенттин «Улуттук нарк — уңгу жолу» жарлыгына карай кыргыз тилин улуттук баалуулук катары өркүндөтүү биринчи орунда турат. Бул максатка жетүү үчүн окуу программасында мамлекеттик тилдин чет тилдери (англис тили) менен бирдей жүктөмдө тургандыгы — таң калтырчу маселе.

Орус тилине жакшы көңүл бурулуп жатат, себеби, орус тили кыргыз тилдүү мектептерде чет тили катары окутулуп, 15 пайыздык кошумча коэффициенти да бар.

Кыргыз тили — кыргыз элинин, улутунун мамлекеттик тили экенин унутпасаңыздар.

Тилибизди көтөрүү бул элибиздин намысы деп билели. Тилибиз, салтыбыз болбосо, анда биздин улут кайда калат? Адабият дагы чоң роль ойнойт.

«Манас» эпосу жөнүндө өзгөчө сунуш:

Мектепте «Манас» эпосун окутууну жолго салып, сабак катары киргизип койсоңуздар эң сонун болмок.

Дүйнө жүзүндөгү эң көлөмдүү улуттук байлыгыбызды урпактарга үйрөтүү менен биз элибиздин баалуулуктарын бийик деңгээлге көтөрө алабыз.

Эпосту 8-класста гана окутуу каралган. Бир жылда эпосту толук үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Андыктан эпосту «Манас» сабагы катары киргизип, сааттарын көбөйтүү жагын карап берсеңиздер.

Анткени, «Манассыз кыргызды-кыргызсыз Манасты элестеүүгө мүмкүн эмес»

Азыркы учурда мектепте «Манас таануу» ийрими бар, бирок ага каалоочулар гана катыша алышат. Ошондуктан эпос бардык окуучуларга жеткиликтүү болуш үчүн сааттар көбөйтүлүшү зарыл деп эсептейбиз. Себеби бул эпосто чоң маани камтылган.

ЖРТ боюнча маселе:

2002-жылдан бери кынтыксыз иштеп жаткан жалпы республикалык тестирлөөнү канчалык мактасак да жарашат.

Жалпы республикалык тест же кыскача ЖРТ — бул Кыргыз Республикасында ЖОЖдорго тапшырууда коррупцияны жоюуга, баардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган эң ири социалдык долбоор.

Ошол эле учурда ЖРТга даярдоо кыргыз тилчи мугалимдерге жүктөлгөн.

Мектеп жетекчилиги мугалимдерди сабактан сырткары да кошумча даярдоону буйрук кылышат.

Кандай болсо да, окуучуларды ЖРТга даярдап келебиз. Бирок кыргыз тилчилердин эмгеги бааланбай келүүдө.

ЖРТга даярдоо башка борборлор үчүн акча табуучу ишкерликке (бизнеске) айланып кеткен учурлар да бар. Мугалимдер мектепте акылуу ЖРТ даярдоо жагын караштырып берсеңиздер болсо керек.

Жыйынтык жана өтүнүч сунуштарыбыз:

Кыргыз тили жана адабияты сабактарынын сааттарын мурунку калыбына келтирүү;

Адабият сабагынан дептер текшерүүгө акы берүү;

Кыргыз тилчи мугалимдерге кошумча коэффициент белгилөө;

«Манас» эпосун өзүнчө сабак катары киргизүү жана саатын көбөйтүү;

ЖРТга даярдык үчүн тилчилерге кошумча акы берүү.

Кыргыз тили — бул улутубуздун өзөгү, рухий мурасы жана мамлекеттүүлүктүн негизи. Аны сактоо, өнүктүрүү, жаш муунга жеткирүү — бул ар бир жарандын, айрыкча мамлекеттик жетекчилердин парзы.

Бул кайрылууну терең урмат менен кабыл алып, тийиштүү чара көрөт деген ишеничтебиз.

Терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдер жамааты: Жалпы 1226 мугалим кол койгон

Эң көп окулган жаңылыктар