23:36
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

III Түрк универсиадасы: Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы 6 медаль утту

Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Түрк универсиадасында өлкөнүн эркин күрөш боюнча курама командасы алты медаль утту. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Эркин күрөш боюнча мелдеште олимпиадалык салмак категорияларында алты комплект медаль ойнотулду. Жеңиш үчүн Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын спортчулары күч сынашты.

Жыйынтыгында кыргызстандыктар эки алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.

57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль Мухаммадрасул Салиевге тийсе, 65 килограммга чейинки салмакта Билол Шарип уулу биринчи орунду ээледи. Алтынды 74 килограммга чейинки салмакта Байтемир Түлөбердиев алды.

86 килограммга чейинки салмакта Элнур Акыбаев жеңиштин экинчи тепкичине көтөрүлдү. Айтенир Максатов 97 килограммга чейинки салмакта 3-орунду ээледи. Ошондой эле күмүш медалды Жаргалан Будажапов (125 килограммга чейинки салмак категориясы) алды.

Эң көп окулган жаңылыктар