Эртең, 9-сентябрда Кыргызстан менен Шри-Ланка беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Ошондой эле оюн алдында саат 18:00дө күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа тартууланат. Билеттер Ticket.kg сайтында сатылууда.
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Аравияда өтөт.