Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 24...29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25;
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;
Бишкек шаарында түнкүсүн 13...15°, күндүз 27...29° жылуу болот.