Кыргызстандын аймактарында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата «Өлкөнүн 40 аймагында 40 туристтик жай» улуттук долбоорун ишке ашыруу уланууда. Бул тууралуу КР Экономика жана соода министрлиги билдирди.
2025-жылы долбоор 63 туристтик объектти, анын ичинде туристтик маалымат борборлорун, музейлерди жана эс алуу аймактарын камтыйт.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча учурда 41 объект ишке киргизилип, дагы 22 объекти ачууга даярдык баскычында турат.
«Долбоорду ишке ашыруу өлкө боюнча туризмди туруктуу өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого, маданий жана жаратылыш мурастарын сактоого, ошондой эле туризм тармагына инвестиция тартууга багытталган», — деп белгилешти ведомстводон.