Эртең, 10-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32;
Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25;
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;
Бишкек шаарында түнкүсүн 15...17°, күндүз 28...30° жылуу болот.