12:49
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Ажылык — 2026: Зыяратчыларды каттоо 23-сентябрда башталат

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

23-сентябрдан тарта Кыргызстанда 2026-жылдагы ажылык сапарга жаңы талапкерлерден арыз кабыл алынат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-сентябрынан баштап 2026-жылдагы Ажылык сапарына баруучу жаңы талапкерлерден Элдик Банкына (РСК) (ажылык-2026 счетуна) алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сомдун негизинде төлөм кабыл алынат. Төлөм кабыл алуу 23-сентябрдан Банкттык эсеп боюнча квота толгон убакытка чейин кабыл алынат, квота толгондо төлөм кабыл алуу токтотулат.

Ажылыкка талапкерлердин төлөнгөн убактысын эске алуу менен квитанциясынын негизинде Кыргызстан боюнча жандуу тизме (живая очередь) менен каттоого тургузулат.

Элдик Банкына (РСК) (ажылык-2026 счетуна) алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сом төлөгөн талапкерлер электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде 2025-жылдын 23-сентябрынан баштап 2-октябрь (2-октябрды кошо эсептегенде) саат 17:00гө чейин керектүү иш кагаздарын толуктап облустук жана шаардык Казыяттарга караштуу аймактык операторлорго алып барып катталуусу зарыл.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООГО КАТЫША ТУРГАН АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

1. 2026-жылдагы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

2. Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар Элдик Банкына (РСК) (ажылык-2026 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы.

3. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн Элдик Банкына (РСК) (ажылык-2026 счетуна) төлөнгөн 1200 сом квитанциясынын түп нускасы.

4. Тышкы паспорту.

• (электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.)

• (Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2026-жылы 30-ноябрь айына чейин бүтүүсү жараксыз.)

5. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1981-жылы январь айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми февраль айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.

6. (3×4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.

• (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).

• (Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.

• (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).

7. 2025-жылдын 23-сентябрь айынан баштап алынган № 086у формасындагы медициналык справка жана Психиатрдан жана Наркология бөлүмүнөн оорулуу эместигин тастыктаган аныктама.

8. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу.

(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

9. Келишимге кол коюу жана Ажылык базага киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

10. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

11. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2026-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

12. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга баруучуга тааныштырып, келишимге кол койдурсун).

Эскертүү:

• 2026-жылы ажылыкка баруучу жарандар КМДБ тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт.

• Эгер төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса Элдик Банкына (РСК) акча төгүү мөөнөтү токтотулат.

• Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө же кошумчаланса маалымдайбыз.

Эң көп окулган жаңылыктар