11:58
USD 87.45
EUR 102.25
RUB 1.03

ЖК Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып колдоп беришти.

Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды.

Эл өкүлү Миргүл Темирбаева Жалал-Абаддын атын Манас деп өзгөрткөндөн кийин Манас атабыздын эстелигин тургузуу зарылдыгын белгиледи. «Учурда бардык эстеликтер Манасты атчан жоокер катары чагылдырып турат. Жаштарда туура эмес образ жаралып калышы мүмкүн. Манастын ат үстүндө эмес, тактыда отурган адилеттүү башкаруучу катары жаңы образын түзүү зарыл», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүгө болжол менен 15 млн сом сарптала турганы, чыгым демилгечи болгон Жалал-Абад мэриясына жүктөлө турганы айтылган.

Бул каражат флагштоктогу «Жалал-Абад» жазуусун алмаштырууга, шаардагы аталыштар менен тактайчаларды өзгөртүүгө жана башка иштерге жумшалат. Бул иштер мыйзам кабыл алынгандан кийин жарым жылдын ичинде бүтүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар