Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматы билдиргендей, Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовдор 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын чоң энеси мэрге жолугуп, жагдайды түшүндүргөн.
Жеңишбек Токторбаев кыздардын келечеги кең болушун каалап, аларды тез арада жаңы батирге көчүрүү тапшырмасын берди.