Бүгүн, 10-сентябрда Чүй облусундагы он саламаттыкты сактоо мекемесине заманбап медициналык жабдууларды — рентген системаларын, УЗИ аппараттарын жана башка жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, иш-чара Чүй райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда өттү.
Болжол менен 7,5 миллион долларлык жеткирүү Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен Япония өкмөтүнүн гранттык жардам программасынын алкагында ишке ашты.
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, жаңы жабдуулар жугуштуу эмес оорулардын диагностикасын жана дарылоону жакшыртат, ошондой эле Чүй облусунун тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Жабдууларды алуучулар: Токмок, Ивановка, Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунун жалпы дарыгерлик практика борборлору, ошондой эле Чүй облустук бириккен ооруканасына берилет.