Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдыгына карата «Шырдактар» көргөзмөсү өттү. Курманжан Датканын эстелигинин айланасына классикалык оймо-чиймелерден баштап заманбап интерпретацияларга чейин ондогон уникалдуу килемдер төшөлдү.
Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев баш болгон коноктор, депутаттар жана расмий өкүлдөр шырдактар жөн эле килем эмес, кыргыз элинин жаратылышынын, тарыхынын, дүйнө таанымынын символдору камтылган маданий код экендигин белгилешти.
Чеберлердин айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз килемине болгон кызыгуу өлкө ичинде эле эмес, дүйнөнү кызыктырып келет. Шырдак Европа менен Азияда ички жасалгалар үчүн көбүрөөк буйрутма кылынууда жана ЮНЕСКО аны көптөн бери материалдык эмес маданий мурастардын бир бөлүгү катары тааныган.
«Ар бир шырдак китеп сыяктуу. Андан өткөн тарыхыбызды окуп, элдин кулк-мүнөзүн көрүп, кыргыздын нукура жашоосу эмне экенин түшүнөсүң», — дешет уюштуруучулар.