Жыл сайын өзүнө-өзү кол салуудан 700 000ден ашуун адам көз жумат. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктарында айтылат.
Өзүн-өзү өлтүрүү бардык курактагы адамдар тарабынан жасалат жана 15 жаштан 29 жашка чейинки адамдардын өлүмү көп болууда. Суициддер кирешеси жогору өлкөлөр менен эле чектелбейт. Алар дүйнөнүн бардык аймактарында кездешүүчү көрүнүш.
Киреше жогору өлкөлөрдө өзүн-өзү өлтүрүү менен психикалык бузулуулар (айрыкча депрессия жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу бузулуулары) менен мурунку суицид аракеттеринин ортосунда күчтүү корреляция бар. Бирок көптөгөн суициддер кризистик мезгилде, адам стресстик турмуштук кырдаалдардан, мисалы, финансылык жана инсандар аралык көйгөйлөрдөн, өнөкөт оорудан туруштук бере албаган учурда импульсивдүү түрдө жасашат.
Мындан тышкары, суициддик жүрүм-турум көбүнчө куралдуу кагылышуулар, табигый кырсыктар, зордук-зомбулук жана ырайымсыздык жагдайларында же жакын адамынан ажырап, жалгыздык сезимдеринен улам пайда болот. Качкындар жана мигранттар, жергиликтүү элдер жана камактагылар сыяктуу басмырланган аялуу топтордун арасында да өзүн-өзү өлтүрүү көрсөткүчтөрү жогору.
Өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу калк, коомчулук жана жеке деңгээлдеги бир катар кийлигишүүнү камтышы мүмкүн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму суициддин алдын алуу аракеттери коомдун ар кандай секторлорунда, анын ичинде саламаттыкты сактоо, билим берүү жана массалык маалымат каражаттары боюнча координацияланып, биргелешип иштеши керектигин белгилейт.