06:02
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Пайдалуу кеңеш: Дарыгер эң пайдалуу күзгү азыкты атады

Ден соолукка пайдалуу күзгү азык — бул капуста, ал С витаминине бай. Бул тууралуу Lenta.ru сайты жазууда.

Маалыматка ылайык, Красногорск ооруканасынын жалпы практикалык дарыгери Анастасия Якимова күз айларында капустаны көбүрөөк колдонууну белгиледи.

Анын айтымында, капуста С витамини лимонго караганда көбүрөөк — 100 граммда суткалык керектөөнүн 70 пайызына чейин бар. Жаңы капуста жалбырактарында С, К, В тобундагы витаминдер, органикалык кислоталар, ошондой эле микробго каршы таасири бар фитонциддер бар.

«Капустанын жалбырагы ооруну басаңдатып, шишиктен арылтат деп ишенишкен. Ошол эле учурда заманбап изилдөөлөр капуста ширеси сезгенүүгө каршы таасирге ээ экенин тастыктайт, бирок бул каражат толук кандуу дарылоону алмаштыра албайт», — деп эскертти дарыгер.

Эң көп окулган жаңылыктар