17:28
USD 87.45
EUR 102.25
RUB 1.03

Аймактык үч университет Жусуп Баласагын атындагы КУУга бириктирилди

Президент бир катар мамлекеттик университеттерди кайра түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бириктирилди.

Чечимге ылайык, Кыргыз улуттук университети бардык укуктар жана милдеттер менен бириктирилген ЖОЖдордун укуктук мураскери болуп калат.

Жарлыкта ЖОЖдордун финансылык, кадрдык жана илимий потенциалын чыңдоо, ошондой эле дүйнөлүк билим берүү кызматтары рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максаты белгиленген.

Министрлер кабинетине алты айдын ичинде зарыл уюштуруучулук жана финансылык чараларды көрүү тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, буга чейин Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин өлкөнүн алдыңкы окуу жайы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бириктирүү жолу менен кайра түзүү демилгесин көтөргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар