14:45
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Бекзат Алмаз уулу Хорватияда күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу турнирдин сайтында маалымдалды.

UWW
Фото UWW. Бекзат Алмаз уулу Хорватияда күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык балбан 57 килограммга чейинки салмак ченинде 1/16 финалдан баштап күч сынашты.

Буга чейин ал канадалык Гаррет Остин Сондерсти 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. 1/8 финалда ал жапониялык балбан Рин Сакамотодон күчтүү болду. Чейрек финалда Македониянын өкүлү Владимир Егоровду да мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/2 финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн Бекзат Алмаз уулу өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен беттешти.

Биринчи орун жана алтын медаль үчүн ал Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен беттешет.

Белгилей кетсек, 13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар