13:08
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Каржы министрлиги: Кыргызстанда орточо айлык акы 62 миң сомго чейин өсөт

Кыргызстанда 2030-жылга карата орточо айлык акы 62 миң сомго чейин өсөт. Мындай божомол Каржы министрлигинин материалдарында камтылган.

Жакынкы жылдарда өлкө жарандарынын жашоо деңгээлинин акырындык менен жакшырышы күтүлүп жатканы белгиленген. Орточо эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 2,9 пайызды түзөт.

Тиешелүү бөлүм ошондой эле калктын кирешеси тездетилген темп менен өсөөрүн болжолдоодо. Акчалай кирешенин реалдуу өсүшү жыл сайын 6,7 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө. Алардын жалпы көлөмү 2030-жылы 1,79 триллион сомду түзөт.

Мында орто мөөнөттүү келечекте жакырчылыктын деңгээли жылына орточо 1,1 пайызга төмөндөйт.

Калктын өсүшү жылына орточо 146,5 миң адамды түзөт деп эсептейт Каржы министрлиги.

2030-жылга карата ИДП адам башына 2026-жылдагы 3,1 миң доллардан 5 миң доллардан ашат. Ал эми жашоо минимумунун өлчөмү 2026-жылдагы 8 миң 990 сомдон 2030-жылы 11 миң 148 сомго чейин көтөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар