Сауд Аравиясынын «Аль-Наср» клубунун капитаны 2024-2025-жылкы сезондо 25 гол киргизип, Сауд Аравиянын эң мыкты бомбардири катары «Алтын бутса» сйлыгын алды. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024/25 сезондо Криштиану Роналду 25 гол киргизип, Сауд Аравиянын Профессионалдык Лигасында эң мыкты бомбардир болду. «Аль-Насрдын капитаны Криштиану Роналду «Алтын бутса» сыйлыгын экинчи жолу катары менен алды. Сыйлыкты ага «Аль-Насрдын» мурдагы капитаны жана клубдун тарыхындагы мыкты бомбардир Мажид Абдулла тапшырды.
Команданын капитаны атаандашы «Аль Ахли» командасынын оюнчусу Эйван Тонини эки гана упайга утуп алды. Талапкерлердин тизмесине ошондой эле 21 голу бар «Аль-Иттихад» клубунан Карим Бензема менен «Аль-Шабабдан» Абдерразак Хамдаллах жана быйылкы сезондо 20 гол киргизген «Аль-Кадисиядан» Жулиан Киньонес кирди.Эске салсак, Сауд Аравия чемпионатынын өткөн сезонунда Роналду 30 матчка катышып, 25 гол жана 3 голго пас берген. Форвард «Аль-Насрда» 2023-жылдан бери ойноп келет. Чабуулчунун клуб менен келишими 2027-жылга чейин түзүлгөн.