Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Коргоо министрлигинин кызмат адамдарынан акча алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө мобилизациялык резервдик жыйымдар башкармалыгынын айрым кызматкерлери өлкөнүн жогорку жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясатына каршы, Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгына жана беделине доо кетирип, жеке баюу максатында акча каражаттарын талап кылуу менен алектенишкен.
Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 342-беренеси «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин алкагында милициянын майору Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.
Учурда өлкөнүн коргоо мекемесинде коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.