04:45
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Бир шайлоочу — бир талапкер. БШК түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө

Бүгүн, 15-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана аппараттын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин жана азыр алардын маңызын ар бир шайлоочуга — айылда, райондо жана шаарда жеткирүү өтө маанилүү экенин эске салды.

«Калктын арасында 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үч депутат шайланат, демек бюллетенде жалпы талапкерлердин ичинен үчөөнө белги коюу керек, деген туура эмес түшүнүк болууда. Ар бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге белги коё алат. Болбосо, бюллетень жараксыз деп табылат», — деп түшүндүрдү Шайназаров.

Ал жер-жерлердеги атайын өкүлдөрдү айыл өкмөттөр жана башка жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, бул маалыматты ар бир жаранга жеткирүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар