Кыргызстандын Бажы кызматы жыл башынан бери 88 миллиард сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, план 86 млрд сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд сом чогултулду, план 102,4%га аткарылды. Бул көрсөткүч пландан 2 млрд сомго көп.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 7,7 млрд сомго (80,3 млрд. сомдон 88,0 млрд сомго чейин) көбөйүп, өсүү темпи 109,6%ды түздү.
Акыркы жылдардын сегиз айындагы кирешелердин динамикасы:
2019-жыл — 26,2 млрд сом
2020-жыл — 15,8 млрд сом
2021-жыл — 27,9 млрд сом
2022 — жыл — 44,9 млрд сом
2023-жыл — 68,8 млрд сом
2024-жыл — 80,3 млрд сом
2025-жыл — 88 млрд сом
Айрыкча жетишилген натыйжаларды камсыз кылган негизги фактор санариптик технологияларды артыкчылыктуу киргизүү болгон. Аларды колдонуу бажылык башкаруунун сапатын жогорулатууга, ички процесстерди стандартташтырууга жана оптималдаштырууга, өлкө жетекчилиги тарабынан аныкталган милдеттерди так жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.