20:55
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Кыргызстандын Улуттук банкы жаздан бери алгачкы валюталык интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы жаздан бери биринчи жолу валюталык интервенция жасап, рынокто 81,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланган расмий маалыматтар тастыктайт.

Анын ичинен 53 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жасалса, дагы 28,5 миллион доллары башка күндөгү эсептешүүлөр менен ишке ашырылган.

Жалпысынан 2025-жылдын башынан бери Улуттук банк рынокко төрт жолу интервенция жасады. Валюта сатуунун жалпы көлөмү 378,6 миллион долларды түздү.

Быйыл тескери интервенциялар жүргүзүлгөн жок.

Эң көп окулган жаңылыктар