17:51
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Пайдалуу кеңеш: Дарыгер кофенин күтүлбөгөн пайдасын атады

Кофе бир гана дем бербестен, ичеги-карындарды сезгенүү жана рак ооруларынан да коргой тургандыгын хирург Каран Ражан айтып чыкты. Кофенин күтүлбөгөн пайдасы тууралуу Lenta.ru сайты жазууда.

Дарыгер кофенин курамында пробиотикалык жипчелер жана полифенолдор бар экенин, алардын жоон ичеги клеткаларына коргоочу таасири бар экенин жана ДНКнын бузулушуна жол бербестигин айтты. Анын айтымында, күнүнө бир чыны кофе ичүү ичеги-карын ичеги рагына чалдыгуу коркунучун 15-20 пайызга азайтат.

Дарыгер башка тамак-аштардын да коргоочу касиети бар экенин кошумчалады. Ошентип, ал төө буурчак, ошондой эле клетчаткага бай жашылчалар, мөмө-жемиштер ичеги рагынын тобокелдигин 10 пайызга азайтаарын белгиледи. Ражан белгилегендей, йогуртторду үзгүлтүксүз колдонуу оорунун пайда болуу ыктымалдыгын сегиз пайызга азайтат.

Эң көп окулган жаңылыктар