Россиянын Кыргызстандагы элчилиги 2026/27-окуу жылына Россиянын ЖОЖдоруна мамлекеттик квоталар боюнча окууга тапшыруулар башталганын билдирди.
Орус өкмөтүнүн квотасы мамлекет тарабынан каржыланган стипендия боюнча бекер окууну, жатакананы жана стипендияны камтыйт. Кыргыз жарандарынын бакалавриат, адистик, магистратура, докторантура, ординатура жана үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программаларына тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.
2026/27-окуу жылына Кыргызстанга 700 квота бөлүндү.
Дипломатиялык өкүлчүлүк ошондой эле 24-сентябрда Россияда окууну ойлогондор 2-орус-кыргыз билим форумунун алкагында КРСУда өтүүчү көргөзмөдө мамлекеттик бюджеттик кабыл алуу боюнча консультацияларды алууга жана россиялык 30 алдыңкы университеттердин өкүлдөрү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алаарын кошумчалады.
Көргөзмө бир күн гана ачык болот.