Борбор калаада ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аял жеке жашоосун жакшыртууга үмүттөнүп, 2022-2025-жылдар аралыгында төлгөчүгө «сыйкырдуу кызматтар» үчүн акча бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 100 миң долларды түздү.
Аталган факт КРнын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, шектүү катары 1995-жылы туулган Б.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.