19:41
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Бишкектин Фучик көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки жолду оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар толугу менен жаңыланды. Жол белгилери орнотулуп, жол чиймелери чийилди.

Кийинки этапта, Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн «Аска-Таш» конушуна чейинки бөлүгү оңдолот. Ошондой эле Дэн Сяопин көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке убактылуу жабылып, батыш тарабында кыймыл чектелет. Ал эми чыгыш тарабы эки тилке катары уюштурулат.

Эске салсак, Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар