19:27
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Кыргызстанда бир аптада 255 мас айдоочу аныкталды

Акыркы жумада өлкө аймагында 255 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ити.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкө аймагында 22 692 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Анын ичинен:

тийиштүү документтери жокунаа башкаруу — 1 379;

мас абалында унаа башкаруу — 255;

унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 146;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 655;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 546;

авто ээнбаштык — 17;

белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 633;

жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 7;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 502;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 552 унаа убактылуу айып короого токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар