«Пари Сен-Жермен» жана Франция курама командасынын чабуулчусу Усман Дембеле 2025-жылдагы «Алтын топту» жеңип алды. ПСЖнын чабуулчусу 2024/25-жылкы сезонду мыкты өткөрүп, Луис Энрикенин командасынын негизги оюнчусу болуп, командасы Чемпиондор Лигасын, Лига 1ди жана Франция Кубогун утуп алууга жардам берген.
Дембеленин француз лигасында киргизген 21 голу (карьерадагы эң мыкты көрсөткүч) добуш берүүнүн чечүүчү фактору болду.Экинчи орунга «Барселонанын» жана Испания курамасынын вингери Ламин Ямал ээ болду.
Сыйлыкка башка талапкерлердин арасында Рафинья (Барселона), Витинья (ПСЖ), Ашраф Хакими (ПСЖ), Коул Палмер (Челси), Килиан Мбаппе (Реал Мадрид), Нуно Мендес (ПСЖ), Мохамед Салах (Ливерпуль) жана Жанлуиджи Доннарумма (ПСЖ/Манчестер Сити) бар.