11:51
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Кезектеги IV Элдик курултай 22-декабрда өтөт. Президент жарлыкка кол койду

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Президент IV Элдик Курултайдын датасын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайды өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкекте өтөт. Ага квота боюнча бөлүштүрүлгөн 700 делегат катышат.

Курултайды уюштуруу, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча атайын уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилди. Делегаттар «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланат.

Курултайды чакыруунун максаты — элдик эгемендүүлүктүн пайдубалын бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук өзгөчөлүктү өнүктүрүү, аймактык маселелерди чечүү, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздооболуп саналат.

Мамлекет башчы министрлер кабинетине, облустук администрацияларга, жергиликтүү бийликтерге жана бир катар министрликтерге курултайды уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Делегаттарды шайлоодо жана форумда коомдук тартипти камсыз кылуу Ички иштер министрлигине тапшырылды.

Мындай форум буга чейин 2024-жылы өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар