УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөгө Бишкектен эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Батир жети баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага берилди. Оор жагдайлардан улам ал туруктуу жашаган жери жок калып, жардам сурап кайрылган. Үй-бүлөнүн оор абалын эске алып, генерал-полковник аларга батирди белекке берүүнү чечти.