Баткен облусунда күрүчтү оруп-жыйноо иштери башталганын президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл түшүмдүүлүк гектарына 37 центнерге чейин жетти.
Маселен, Кадамжай районунда 3220 гектар шалы эгилип, жылына болжол менен 12200 тонна күрүч жыйналат. Күрүч өлкө ичинде да сатылат жана Өзбекстанга, Казакстанга, Россияга жана АКШга экспорттолот.
Белгиленгендей, күрүчтүн түшүмүн жогорулатуу үчүн дыйкандарга сууну аз талап кылган жаңы сорттордун үрөндөрү сунушталууда. Райондо дыйканчылыктын заманбап ыкмалары да киргизилүүдө.
Быйыл Баткен күрүчүнүн түшүмү 15 миң тоннага жетет деп күтүлүп жатат.


