Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар дайындалгандан кийин үч календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
Борбордук шайлоо комиссиясы белгилегендей, билдирүүдө «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык, шайлоо документтерине кол коюуга укугу бар партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн реквизиттери камтылышы керек.
Билдирмеге төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
уставдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
партиянын лидеринин паспортунун көчүрмөсү;
ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмеси;
алардын арыздары жана паспортторунун көчүрмөлөрү.
Документке партиянын лидери кол коюп, мөөр басылышы керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул талаптар аткарылгандан кийин гана партия мындан ары шайлоо процессине катышуу укугуна ээ болорун эскертет.