20:20
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Кыргызстандан малды экспорттоого салынган тыюу узартылды

Кыргызстанда өкмөттүн 2025-жылдын 20-августундагы № 506 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, бодо малды, жылкыны, кой, эчкилерди өлкөдөн алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Министрлер кабинети бул чара азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ички рынокто этке жана башка азык-түлүккө бааны турукташтырууга багытталганын түшүндүрдү.

Документке ылайык, «Кыргыз Агрохолдинг» ААК бодо малды тирүү экспорттоо боюнча мамлекеттик оператор болуп дайындалды. Ошондой эле токтомдун айрым жоболору 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирээри такталган.

Экономика жана соода министрлигине киргизилген чектөөлөр тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына билдирүү тапшырылды. Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине маалымат берүүгө милдеттүү.

Андан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматына, Айыл чарба министрлигине жана УКМКнын Чек ара кызматына көзөмөлдү күчөтүү жана малды Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алуу тапшырмасы берилди.

Токтом 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар