10:38
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Мугалимдер шайлоо өнөктүгүнө катышабы? БШКнын жообу

БШК шайлоо өнөктүгүнө билим берүү кызматкерлеринин активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жергиликтүү жетекчилерди негизсиз тоскоолдуктарды жаратпоого чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейинки өткөн шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салымын кошуп келишкен.

Өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасында 24995 шайлоо комиссиясынын мүчөсү иштеп жатат, анын 15496сы (болжол менен 63 пайызы) мугалимдер. Кошумчалай кетсек, республика боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде 1655 шайлоо участогу жайгашкан.

Бирок акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы тууралуу маалыматтар БШК мүчөлөрүнүн жер-жерлердеги жолугушуулары учурунда белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы баса белгилейт — мугалимдерди шайлоо процессине тартуу талапкерге үгүт жүргүзүү же байкоочу болуу үчүн эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл.

Алардын көп жылдык тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси алдыдагы масштабдуу шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет.

Ушуга байланыштуу БШК билим берүү кызматкерлеринин шайлоо иштерине кошкон салымын жогору баалап, аймактардагы жетекчилерди мугалимдерге негизсиз тоскоолдук жаратпоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар