Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры жаңы сезонун 4-октябрда ачат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Көрүүчүлөр «Саламатсызбы!» жана «Алиса кереметтер өлкөсүндө» спектаклдерин көрүшөт.
— Саламатсызбы! сылыктык жөнүндө интерактивдүү спектакль.
«Алиса кереметтер өлкөсүндө» — бул интерактивдүү, боорукер жана кооз жомок. Ал бизди өзүбүзгө, өзүбүздүн күчтүү жактарыбызга жана кереметтердин болоруна ишенүүгө үйрөтөт.
Койгон режиссер: Б. Ходырев
Кыргыз тилинде койгон реж: Ильич Касымбеков
Сүрөтчү: А. Степанов
Композитор: А. Михайлов
Кыргыз тилинде которгон: Алтынай Темирова
Театр билеттердин баасы 200 сом экенин көрүүчүлөрдүн эсине салды.