11:42
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Лионель Месси «Интер Майами» клубу менен келишимин узартты

Америкалык атактуу «Интер Майами» клубу акыркы айларда команданын жылдызы Лионель Месси менен келишимди узартуу. Бул тууралуу белгилүү журналисттер Николо Шира жана Хави Кампос жаңы келишим 2028-жылдын 31-декабрына чейин иштей турганын ЖМКларга кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бирок келишимдин өзгөчөлүгү бар: Месси 2026-жылдын аягында келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.Интер Майамиде да 2027-жылдын декабрында келишимди токтотуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңы келишимге расмий кол коюу жакынкы күндөрү атайын аземде жарыяланышы күтүлүүдө. Бул клубдун тарыхында гана эмес, Америка футболунун тарыхында да чоң окуя катары каралат.

Белгилүү болгондой, Лионель Месси «Интер Майамиде» 2023-жылдын жайынан бери ойноп келет. Арадан эки жылга жакын убакыт өтсө да, аргентиналык жылдыз буга чейин клубдук рекорддорду жаратып, 69 расмий матчка катышып, жалпысынан 58 гол киргизип, 28 пас берген.

Эң көп окулган жаңылыктар